21:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга азайды

2019-жылдын ичинде Чүй облусу боюнча 1 миң 176 өрт кырсыгы катталып (2018-жылы 1 миң 542), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 23,7 пайызга азайган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

«Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 47 миллион сомдон ашкан. Ал эми тилсиз жоодон 18 адам каза таап, 11 адам жабыркады», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар өрттөн 14 адамдын өмүрүн жана 564 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктарды сактап калышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар