12:35
USD 77.22
EUR 87.19
RUB 1.08

ӨКМ: Кара-Сууда кездемелерди кайра иштеткен цехте өрт чыкты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Катта-Терек айылында кездемелерди кайра иштеткен цехте өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен цехтин 200 чарчы метр шыбы, 14 даана пластик терезе, 2 даана пластик эшик, 6 даана станок, 6 тонна кездеме калдыктары күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар