Бишкекте 5-кичи райондо өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги эшик өрттөнгөн.
«Куткаруучулар 10 кишини алып чыгышты. 79 жаштагы киши ооруканага жаткырылды, анын абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда», — деп билдиришти ӨКМден.