00:05
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Сузакта аялын сабаган кишинин кылмыш иши токтотулду. Жубайы тосмо арыз жазган

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак райондук соту Жоруктар тууралуу кодекстин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси боюнча кылмыш ишин токтотту.

Соттун өкүмүндө жазылгандай, 2019-жылдын декабрында Садда айылынын тургуну аялын сабап салган.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы Б.М. аялын бетке чаап, андан кийин аны буту менен тепкен. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен жабыралануучу жеңил жаракат алганы аныкталды. Сотто Б.М. күнөөнү мойнуна алып, жасаган ишине өкүнгөндүгүн жана мындан кийин кол көтөрбөөгө убада кылаарын айтты. Айыпталуучунун жубайы тосмо арыз жазып, жолдошун кечиргендигин жана жарашканын айтты", — деп жазылат маалыматта.

Сот тосмо арызды эске алуу менен кылмыш ишин териштирүүнү токтотту.

Эң көп окулган жаңылыктар