09:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто карыган аялдын сабалышы. Шектүү айып төлөө менен гана чектелиши мүмкүн

Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук ИИБсы уулу карыган энесин сабаган факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүнү камакка алышкан жок, анткени анын кылган иши Жоруктар тууралуу кодекске туура келбейт.

«Милицияга 80 жаштагы аял кайрылган. Ал 48 жаштагы уулу сабагандыгын айтып арызданган. Учурда шектүү суракка алынууда, жабырлануучу болсо кризистик борбордо», -деп билдиришти ОИИББдан.

Милициядан билдиришкендей, шектүү жаза катары 40 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөшү мүмкүн же бир жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Эске салсак, Оштогу реабилитациялык борбордо уулу сабап салган 80 жаштагы аял убактылуу жашап жатат. Ал өз үйүнө баруудан баш тартууда, опекун боюнча маселе чечилип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар