04:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Айылдык кеңештин депутаты жаранды сабап салган деп шектелүүдө

Баткен облусуна караштуу айылдык кеңештин депутаты Бишкекте бир жаранды сабап салган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан милицияга сабалган бейтап тууралуу арыз келип түшкөн. Кийинчерээк жабырлануучу укук коргоо органдарына арыз жазган.

«Жабырлануучунун айтымында, белгисиз 3 жаран (арасында айылдык кеңештин депутаты бар) Анкара жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен аны күч менен унаага салып кетишкен. Алар жабырлануучуну сабап, Түштүк магистрал жакка алып кетишкен. Бирок, ал качып кетүүгө үлгүргөн. Аталган факт боюнча милиция териштирүү иштерин баштады», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар