11:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Былтыр декабрда республикалык бюджеттин чыгашасы 19 миллион 210 миң сомду түздү

2019-жылдын декабрында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгашасы 19 миллион 210 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин маянасына республикалык бюджеттен 5 миллион 72 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 851 миллион 5 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 15 миллион сомдон ашуун акча каражаты бөлүндү.

«Андан тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга — 1 миллион 395 миң сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга — 198 миллион 300 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө — 174 миллион 6 миң сом жумшалды», — деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума