02:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Саляновдун өлүмү. Айыпталуучулар сотто айрым аткаминерлердин аттарын атоого даяр

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда.

Буга чейин айыпталуучулар Асанэмир Абыкулов менен Эрмек Осмонкулов жабырлануучу тараптын өкүлдөрү — Аида Салянова же анын жактоочусу менен сүйлөшүүнү каалап жатышканын айтышкан.

Айыпталуучулар менен эмне тууралуу сөз кылышканын жабырлануучу тараптын өкүлү Аида Салянова 24.kg агенттигине айтып берди. 

«Айыпталуучулар сотто жогорку кызматта иштеген айрым аткаминерлердин фамилияларын атоого даяр экендиктерин айтышты. Мындан тышкары, Асанэмир Абыкулов менин бир тууганым каза боло электе эле УКМКнын кызматкерлери ага басым көрсөтүшүп, мага каршы көрсөтмө бер дешкенин кошумчалады. Анын айтымында, каралоо боюнча бир медиатоп иштеген», — деди мурунку башкы прокурор.

Эске салсак, 2017-жылдын ноябрында түн ичинде азиат түспөлүндөгү 3 белгисиз адам Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар ок атуучу куралды колдонушуп, үйдүн ээси Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң изин жашырышып качып кетишкен. Алган жаракатынан улам 1975-жылы туулган Улан Салянов каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар