13:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Улан Саляновдун өлүмү. Сотто жесири жана уулу жабырлануучу катары суракка алынды

Биринчи Май райондук сотунда экс-прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук процесс уланууда.

Сотто жабырлануучу катары Улан Саляновдун жесири жана уулу суракка алынды. Лариса Салянованын айтымында, милиция кылмышкерлер качып кеткенден кийин келишкен.

«Кол салгандардын бири уулумдун башына тапанча такаган. Алар кантип качып кеткенин билбей калдык. Кылмышкерлер эч нерсе алышкан эмес», -деди ал.

Улан Саляновдун уулу кылмышкерлерден араң качып кутулганын жана кошуналардыкына барып жашынганын айтты.

«Алардын бири мени полго жат деди. Атам ошол убакта дагы бир кылмышкер менен алышып жатканын көргөм. Атам аларга бир нерсе айтууга аракет кылды, бирок тигилер угуп да койгон жок. Бир убакта менин жанымда турган киши залга чуркап кетти. Терезеден секирип качып кошунаныкына бардым. Биз милиция менен тез жардамга чалып ала алган жокпуз», -деди уулу.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн атып кетишкен. Окуяга шектүү делип 3 жаран колго түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар