16:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Саляновдун өлүмү. Айыпталуучулар жабырлануучу тарап менен сүйлөшүүнү суранышты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда. 

Соттук отурум башталаардан мурда жабырлануучу тараптын жактоочусу Рабига Садыкова, айыпталуучулар Асанэмир Абыкулов менен Эрмек Осмонкулов жабырлануучу тараптын өкүлдөрү - Аида Салянова же анын жактоочусу менен сүйлөшүүнү каалап жатышканын айтты. 

Коргоочу тарап сүйлөшүүлөр үчүн тыныгуу жарыялоону суранды. 

Айыпталуучу Асанэмир Абыкулов жактоочунун сөзүн ырастады. Бирок ал сүйлөшүүнүн максатын ачыктаган жок. 

Эске салсак, 2017-жылдын ноябрында түн ичинде азиат түспөлүндөгү 3 белгисиз адам Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар ок атуучу куралды колдонушуп, үйдүн ээси Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң изин жашырышып качып кетишкен. Алган жаракатынан улам 1975-жылы туулган Улан Салянов каза болгон.

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү жаран Орусиядан Бишкектеги № 1 тергөө абагына алынып келинген.

 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби