14:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши каралып жатат

Биринчи Май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши каралып жатат.

Иш боюнча негизги күнөөлүү катары 32 жаштагы Эрмек Осмонкулов сурак берүүдө. Анын айтымында, буга чейин ал 2 жолу соттолуп чыккан.

«Мен Арашан айылынан болом. Билимим орто. Расмий түрдө үйлөнгөн эмесмин, балдарым жок. Эки жолу соттолуп чыккам», — деди Эрмек Осмонкулов.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар