Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө кечээ Ош облусунун аймагында катталды.
Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.