15:03
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ноокатта тартип сакчылары бир жарандын өмүрүн сактап калышты

Ноокат шаарында тартип сакчылары түнкү рейд маалында бир жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.

27-декабрдан 28-декабрга караган түнү түнкү рейдке чыккан милиция, Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан тамактануучу жайдын самса жабуучу тандырдын ичинде күйүп баштаган жарандын өмүрүн сактап калышты.

"Болжол менен түнкү саат 01:15 чамасында түнкү рейдде жүрүшкөн тартип сакчылары тандырдын ичи түтөп жатканын байкап калышкан. Алар башка күндөрү от жагылбаганын билишкендиктен, аталган жайга келип, эс учун жоготкон белгисиз жарандын кийимдери күйүп баштагандыгын көрүшкөн. Милиция жаранды тандырдын ичинен алып чыгып, күйүп жаткан өрттү өчүрүшкөн, андан соң алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Маалыматка таянсак, Кадамжай районунун А.А. аттуу тургуну үшүгөндүктөн, тандырдын ичине кирип жылынган. Ал түтүнгө ууланып эс учун жоготуп койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар