19:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кызыл-Кыядагы шахтада мыйзамсыз көмүр казып жаткан киши ис уруп каза болду

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы шахтада мыйзамсыз көмүр казып жаткан маалда бир киши каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Кырсык жабык шахтада катталды.

«5 киши иштебей турган шахтага кирип, көмүр казууга аракет кылышкан. Жердин алдынан 75 метр тереңдикте бирөө иске ууланып калган. Жабырлануучуну аймактык ооруканага алып барышкан, бирок ал каза болуп калды», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эң көп окулган жаңылыктар