20:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстанда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү истүү газга ууланып каза болду

Казакстандын Павлодар облусунда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү — жубайлар жана эки баласы — истүү газга ууланып каза болду.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, төрт адамдын сөөгү шаршемби кечинде Баянаул районунун Узынбулак айылындагы жеке үйдө табылган. Айыл башчысынын айтымында, алар истүү газга ууланышкан.

Бийлик каза болгондордун аты-жөнүн жарыялады: Рустам Бекболатов (1979-жылы туулган), Наталья Бекбатырова (1982-жылы туулган), Динара Бекбатырова (2004-жылы туулган) жана Дамир Бекбатыров (2007-жылы туулган). Айыл тургундарынын айтымында, каза болгон аял кош бойлуу болгон.

Баянаул РИИБсинин башчысы Нурсултан Шайхин жубайлардын 1999чу жана 2002-жылкы эки кызы калганын билдирди. Анын айтымында, кыздар район борборунда окуп жүрүшкөн. «Алар Баянаул агрардык-техникалык колледжде окушат. Аларды биз убактылуу турак-жай менен камсыз кылабыз», — деди Шайхин.

Коопсуздук органдары адамдардын өлүмү фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар