11:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстанда турак-үйдөгү өрттөн эки наристе истүү газга ууланды

Нур-Султан шаарынын четинде жайгашкан «Керамика» дачасындагы үйдөн чыккан өрттөн улам 2016чы жана 2019-жылы төрөлгөн эки наристе истүү газга ууланды. Бул тууралуу баш калаанын Өзгөчө кырдаалдар департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү кечинде болгон кырсыктан балдардын кичүүсүнүн бети күйүп, ооруканага жетирилген. Чакыруу менен барган өрт өчүрүүчүлөр жалынды 40 мүнөттүн ичинде толук өчүрүшкөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Быйыл февралда Нур-Султандын «Көктал-1» кичи районундагы жер тамда өрт чыгып, бир тууган беш кыз каза болгон. Бул окуядан кийин өлкөдө көп балалуу энелерге социалдык колдоону күчөтүү талаптары менен нааразылык акциялар өтүп келет. Аларды негизинен көп балалуу энелер өздөрү уюштуруп, турак-жай маселелерин чечүү, социалдык жеңилдиктерди берүү жана жөлөкпулдарды көбөйтүү талаптарын айтышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар