USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Нарында жубайлар унаадан чыккан иске ууланып каза болушту

17:06, 22 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын районуна караштуу Солтон-Сары жайлоосунда жубайлар унаадан чыккан иске ууланып каза болушту. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон жубайлардын 12 жаштагы уулу бактыга жараша аман калып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. 

17-августтан 18-августка караган түнү 1960-жылы туулган А.К. «Тойота Сурф» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Солтон-Сары жайлоосундагы мал сарайына бара жаткан.  Анын жанында 1977-жылы туулган аялы  жана 2006-жылы туулган баласы болгон. Жолдогу арыкка унаасы тыгылып калып, айдоочу аны от алдырып отура берген. Анын кесепетинен ис чыгып, өзү жана аялы көз жумду.


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика