22:26
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Гүлжигит Алыкулов өлкөнүн мыкты футболчусу аталды

Гүлжигит Алыкулов өлкөнүн мыкты футболчусу аталды. Ага сыйлык кечээ Улуттук футбол федерациясынын жыл жыйынтыктоочу аземинде ыйгарылды.

Мыкты футболчу наамына «Ак шумкардын» капитаны Валерий Кичин, Эдгар Бернхардт дагы көрсөтүлгөн.

«Сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Кичин, же Бернхардт алат деп ойлогом», — дейт Гүлжигит Алыкулов.

Белгилей кетсек, Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын «Ак шумкар» футболдук курама командасына быйыл гана кошулду. Ал биринчи жолу Палестина менен беттешке катышып, кийин улуттук курма менен «Спартак» стадионунда өткөн Мьянма менен оюнда алгачкы голун киргизди.

Учурда Белоруссиянын «Неман» клубунда ойнойт. 

Эң көп окулган жаңылыктар