06:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алмаз Мамбетов жасалма паспорт берилип жатат деген маалыматты четке какты

Каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов жарандарга жасалма паспорт берилип жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

«Москванын кайсыл бир жеринде жасалма паспортторду берип жатышат деп айтышууда. Жеке мен өзүм андай документтерди көргөн жокмун. Жеке күбөлүктөр сатылып жатат деген кептер бар, укук коргоо органдары териштирсин», — деди Алмаз Мамбетов.

Эске салсак, Орусиянын шаарларында кыргыз паспорттору коңшу өлкөлөрдүн жарандарына ачык эле сатылып жатат деп Жогорку Кеңештин отурумунда вице-спикер Аида Касымалиева билдирген болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар