07:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

20 жаштагы жаран Жалпы республикалык тестти жасалма паспорт менен тапшырган

20 жаштагы жарандын ЖРТны жасалма паспорт менен тапшыргандыгы аныкталды. Бул тууралуу Аламүдүн ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

20 жаштагы К.Р. сынакка 21 жаштагы А.Ж. аттуу ысым менен кирген. Маалыматта 21 жаштагы А.Ж. өзүнүн Нүргүл аттуу таанышы менен 400 АКШ долларына тестти ийгиликтүү өтүү сунушу боюнча макулдашат.

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы бул иштин алкагында 22 жаштагы А.М. аттуу жаран кармалганын маалымдайт.

Кылмыш кодексинин 350-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук экспертиза дайындалды.

Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума