08:06
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Документтерди мыйзамсыз жасап жүргөн жарандарга карата өкүм чыкты

Ош шаардык соту документтерди мыйзамсыз жасап жүргөн жарандарга карата өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине соттон билдиришти.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2016-жылы Кыргызстандын 3 жараны Түркиянын жараны менен сүйлөшүп алышып, жасалма паспорт аркылуу 98 кишини Сауд Аравиясына кичи ажылыкка жиберүүнү чечишкен.

Алар төмөндөтүлгөн баа менен ажылыкка бара тургандарга атайын кулактандыруу таратышкан. Жергиликтүү 98 кишинин паспортторун жыйнап алышып, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы консулдугунда туристтик агенттик аркылуу виза ачышкан.

Визалар даяр болгон маалда соттолуучулар паспортторду ар кандай шылтоолор менен ээлерине кайтарып беришкен. Кийин жасалма документ алышып, аларга мурда алынган визаларды чаптап Түркияга алып кетишет. 2016-жылдын майында күнөөлөнүп жаткандар жасалма 98 паспортту Кытайдын жарандарына беришкен. Алар кытайлыктарды кичи ажылыкка жиберип жатканда кармалышкан.

Документтерди жасагандыгы үчүн 3 жаран күнөөлүү деп табылып, бирөөсү 4 жылга эркинен ажыратылды. Калган экөө шарттуу мөөнөткө кесилди.

Эң көп окулган жаңылыктар