11:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чоочун паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Бүгүн «Манас-аэропорт» көзөмөл өткөрмө жайында чоочун паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкек-Стамбул» каттамы менен уча турган кыргызстандык чек арачыларга башка адамга таандык паспортту көрсөткөн. Анын өзүнүн бир тууганынын паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылганы анык болду.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин шектүү УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар