Жемкорлукка каршы нааразычылык билдирип жана ЖМКларды колдоо ирээтинде өтүп жаткан тынчтык акциясынын катышуучуларын көздөй «Ак үй» тараптан желек көтөрүшкөн кишилер чыгышты. Аларды чагымчыл күчтөр болушу мүмкүн деп айтышууда.
#REакция 2.0 митингинин катышуучулары менен желек көтөргөн кишилердин ортосун милиция тосуп турат.
Эске салсак, #REакция 2.0 митинги сөз эркиндигин колдоо макстында өтөт. Буга чейин 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды чакырып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышкан.