12:28
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Ош облусунда жер силкинди

Ош облусунун аймагында бүгүн саат 04:56лар чамасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жайылма-2 айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар