Бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер тирирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 4-4,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма-2, Газ айылында дээрлик 4 балл, Кара-Кабак, Сары-Моголдо 3,5 балл, Кара-Шыбак, Кабык, Бор-Дебе, Талды-Сууда 3 балл, Шибээ, Кара-Киндикте 2,5 балл болуп сезилген.
Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.