Үстүбүздөгү жылдын январь — ноябрь айларында Социалдык фонддун Call-борборуна 17 миң 618 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 4 миң 877 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Соцфонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.