17:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ноябрда республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 11 миллион 956 сомду түздү

2019-жылдын ноябрында республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 11 миллион 956 сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысына республикалык бюджеттен 2 миллион 401,7 сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 819,8 миллион сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 7,9 миллион сом бөлүндү.

«Андан тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга — 739,7 миллион сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга — 90 миллион сомдон бир аз ашыгыраак, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө — 51 миллион сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 3 319,2 миллион сом жумшалды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар