Майлы-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө жоокер асынып алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, жоокердин сөөгүн бүгүн саат 8дер чамасында табышкан.
«Жоокер жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты делип милдет өтөөгө чакырылган. Ага 10 күнгө эмгек эргүүсү берилген, үйүнөн 26-ноябрда келген. Бүгүн эртең менен анын сөөгү табылды», — деп билдиришти редакцияга.
Башкы штабдан аталган маалыматты тастыкташты. Окуяны Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасы иликтеп жатат.