Кыргызстанда келээрки жылдын 1-январынан тарта товарларды өз ыктыяры менен маркирлөө боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, биринчи этапта бут кийим, алкоголдук жана тамеки продукциялары идентификация каражаты менен маркирлөөдөн өтөт.
Бул маркирлөөнүн эффективдүү системасын киргизүү үчүн жасалууда.