08:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кара-Сууда кошуна 3 үй өрттөндү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Султан-Абад айылында кошуна үйлөрдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык айылдагы Нурахунов көчөсүндө болгон.

Өрт 2 үйдүн ортосундагы чатырдан чыгып, биринчи үйдүн бөлмөсүнүн 15 чарчы мерт аянты, экинчи үйдүн 23 чарчы метр аянты күйүп кетти. Жалын андан ары № 409-Б дарегиндеги үйгө өтүп, натыйжада 240 чарчы метр чатыры өрттөндү.

Жабыркагандар жок.


Эң көп окулган жаңылыктар