05:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Унаа бажы төлөмдөрү. ЕАЭБ Кыргызстанга жеңилдик мөөнөтүн узартуудан баш тартты

ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз жарандар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына бажы төлөмдөрүнө берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу сунушун колдогон жок. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Анда кыргыз өкмөтү бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартууну суранган. Бирок, колдоо тапкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар