19:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өкмөт башчы: Өлкөдөгү ири бизнестен 77 пайыздык салык түшөт

Фискалдаштыруу -салыктык түшүүлөр түзүмүн түп тамырынан өзгөртүп, мамлекеттин кирешесин арттырат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда катталган 258 миң салык төлөөчүнүн ичинен 98,1 пайызы — чакан ишкердик, 1 пайызы — орто бизнес, 0,9% пайызы — ири бизнес чөйрөсүнө тиешелүү.

«Чакан бизнестен 18 пайыз салык түшсө, орто бизнестен — 5 пайыз түшөт. Ал эми болгону 0,9 пайызды түзгөн ири бизнестен — 77 пайыздык салык түшөт. Бул эмнени билдирет? Бул — негизги салым ири бизнеске таандык дегенди түшүндүрөт. Ошол эле учурда 256 миң субъекттен турган чакан бизнес — керектүү экономикалык натыйжа берген жери жок. Демек, дал ушул фискалдаштыруу жана ачыктык Кыргызстанда салыктык түшүүлөрдү түп тамырынан өзгөртүүнү шарттайт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума