17:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 11 миллиард сомдон ашты

Ушул жылдын октябрында республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 11 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысына республикалык бюджеттен 3 миллиард 166,5 миллион сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 843,8 миллион сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 8,1 миллион сом бөлүндү.

Андан тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга — 708,1 миллион сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга — 91,3 миллион сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө — 48,4 миллион сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 2 миллиард 411,8 миллион сом жумшалды.

Эң көп окулган жаңылыктар