18:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мелис Турганбаевдин сүрөтү тартылган алкоголдук ичимдикке нааразы болгондор бар

«Фейсбуктун» колдонуучусу Улукбек Камчыбеков Мелис Турганбаевдин сүрөтү тартылган алкоголдук ичимдикке нааразы.  Бул тууралуу ал соцтармакка жазды.

«Пиар менен понттун дагы чеги болот! Өзүнө арнаткан арагынын маанисин такыр түшүнө албай койдум. Түштө спортсмен, түндө спиртсменби?», — деп суроо салат ал. Сүрөттүн алдына «Фейсбуктун» колдонуучулары «Мелис Турганбаев муну өзү кылбаса керек», «Спортко спиртти аралаштырган уят!», «Бул чагымчыл сүрөт, фотошоп» деп жазышты. 

Эске салсак, ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев 11-октябрда эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталган. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Эң көп окулган жаңылыктар