06:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Футболдук беттеш. «Самурайлар» Кыргызстанга келишти

Түндө «Манас» эл аралык аба майданына Жапониянын футбол боюнча курама командасынын өкүлдөрү Делиден чартердик каттам менен учуп келишти.  Бул боюнча Футбол федерациясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жапониянын машыктыруучу жана медициналык штабы, административдик кызматкерлер жана улуттук чемпионаттын катышуучулары- оюнчулар кетишти. Чет элдик клубдин өкүлдөрү башка каттамдар менен келишмекчи. Атаандаштар командасы 12-ноябрда толук курамда болот.  

Бүгүн Жапониянын улуттук курама командасы өзүнүн алгачкы машыгуусун өткөрөт. Ал «Дордой» спорттук комплексинде өтөт. 

Эске салсак, 14-ноябрда жана 19-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Жапония жана Тажикстандан келген футболчулар менен беттешет.

Эң көп окулган жаңылыктар