Футбол борбору Чүй облусунда курулмай болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.
«Футбол федерациясы менен Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Футбол борборун куруу үчүн жерди бөлүп берүү келишимине келди. Бөлүнгөн жер шаардын түштүк-батыш аймагында, «Арча-Бешик» жаңы конушунан кийин жайгашкан Абсамат Масалиев көчөсүндө орун алган», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Футбол федерациясы мэриядан спорт комплексин куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүнү суранууда. Федерация курулуш иштерине — 8-10 миллион долларга жакын каражат тарта турганын билдирген.