15:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айдоочуну бычак менен коркутуп 7 миң сомун алып кеткендер кармалды

Чүй облусунда таксистке кол салган 2 киши кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

28-октябрда «Калыс-Ордо» жаңы конушунда 27 жаштагы айдоочуга белгисиз жарандар кол салышкан.

«Кылмышкерлер унаага отуруп Бишкектин четиндеги айылдардын бирине жеткирүүнү суранышат. Алар жаңы конушка жетип таксистке кол салышкан. Бычак менен коркутуп анын 7 миң сомун жана телефонун алып кетишкен. Жабырлануучунун көздөрүн, оозун, колу-бутун скотч менен таңып камыштардын арасына таштап салышкан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмышка шектүү делип 22 жаштагы М.Т. жана 21 жаштагы С.Н. кармалды. Алар Нарын жана Жалал-Абад облустарынын тургундары болуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар