16:27
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ЖЭБ боюнча сот. Сатыбалдиевдин ден соолугуна байланыштуу процесс жылдырылды

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду суракка алып бүтүштү. Кезекте Жантөрө Сатыбалдиев. Ал 2012-жылдан 2014-жылга чейин өкмөттү башкарып турган.

Жантөрө Сатыбалдиев кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтып, суракты дүйшөмбүгө калтырууну суранды. Судья 10 мүнөттүк тыныгуу жарыялагандан кийин деле бир саат өтүп Жантөрө Сатыбалдиев отурум залына келе алган жок.

«Дарыгерлердин айтымында, ал абалга реакция берүүдө. Ал мындай абалда көрсөтмө берүүгө даяр эмес», — деди жактоочусу. Калган айыпталуучулар менен жактоочулар суракка даяр эмес болуп чыгышты. Процессти дүйшөмбүдө улантуу чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар