20:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте айыппулдун көлөмүн азайтуу максатында флешмоб өтөт

4-ноябрда Бишкекте айыппулдун көлөмүн азайтуу максатында флешмоб өтөт. Бул тууралуу «Фейсбуктун» колдонуучусу Марипа Алайкулова баракчасына жазды.

Айтымында, жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып- 3 миң сом элдин социалдык-саясий абалына туура келбейт.

«Бул күнү Бишкектин көчөлөрүндө айдоочулар чогулуп сигнал басабыз», -дейт демилгечи.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дагы жол кыймылынын эрежелерин бузууда салынган айыппулду азайтууну сунуштаган.

Эске салсак, Бузуулар тууралуу кодексти былтыр кабыл алышкан. Документ ушул жылдын 1-январынан тарта ишке кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар