14:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдойт

Президент Сооронбай Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдойт. Бул тууралуу ал Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

«Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент өлкөнүн энергетиктерин быйылкы жылы белгилене турган Кыргызстандын энергетика тармагынын 85 жылдык юбилейи менен куттуктады. Алардын ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди жана аларга бекем ден соолук, астыга койгон максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар