Депутат Ирина Карамушкина бүгүнкү отурумда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жабык түрдө өтө турганына нааразы болду.
Анын айтымында, мындан эч кандай жашыруун сыр кылуунун негизи жок.
«Демек, азыркы бийлик эмес, мурунку президенттики туура», -деди Карамушкина. Ал парламентте оппозиция калбаганын кошумчалады.
Ирина Карамушкина 7-августтагы Кой-Таш окуясында барымтага алуу боюнча ишке катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына алынган.