Кечээ Алай районундагы Сары-Таш айылында катуу шамал болуп, № 39 мектептин спортзалынын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрге чейин жеткен. Кырсыктан чатырдын 720 чарчы метри жабыркаган.
Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.