08:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ырчы Омар бутунун тизе бөлүгүнө операция жасатты

Ырчы Омар кечээ бутунун тизе бөлүгүнө операция жасатты. Бул тууралуу Super.kg сайты ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиевага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, операция Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда болду. «Операция 1 саатка созулуп, ийгиликтүү болду. Учурда Омар палатага которулду», — дейт Миргүл Эсеналиева.

Омар мырза достору менен футбол ойноп жатканда тизесин сындырып алганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар