02:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош облустар аралык бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмү оңдоодон өтөт

Ош облустар аралык бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, 7-октябрдан 2-декабрга чейин оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканда кош бойлуу айымдар Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Нариман жана Араван аймактык ооруканаларынын төрөт бөлүмдөрүнө жиберилет. Ошондой эле кош бойлуулар үчүн Ош шаардык клиникалык оорукананын төрөт бөлүмүнүн эшиги ачык болот.

Эң көп окулган жаңылыктар