01:55
USD 86.96
EUR 91.03
RUB 0.84

Садыр Жапаровдун тарапташтары анын бошотулушу үчүн кол топтоодо

Мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары анын бошотулушу үчүн кол топтоодо. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Шерабидин Токтосунов билдирди.

Айтымында, Садыр Жапаровду колдоо штабы түзүлдү. Өлкө аймагынан жана чет өлкөдөн 200 миңдей кол чогулду.

«Бул кол коюлган баракты Жогорку сотко жана президент Сооронбай Жээнбековго жолдойбуз. Садыр Жапаров камакта мыйзамсыз кармалууда. Ал кылмыштын курамында болгон эмес, эгер анын иши кайра кароого жиберишсе, биз анын күнөөсүз экенин тастыктайбыз», деди жактоочу.

Эске салсак, 16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар