03:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

АКШдагы иштеген кыргыздар кош жарандуулук маселесин көтөрүштү

АКШда жашаган мекендештер тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Чыңгыз Айдарбеков учурда АКШда иш сапары менен жүрөт. Ал Вашингтон шаарында мекендештер менен жолугушту.

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргызстандыктар кош жарандуулук, АКШга кирүүчү КР жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү, АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелерин көтөрүшкөн.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы реформалар жана багыты боюнча айтып берди. Социалдык тармактын колдонуучулары министрдин оратордук чеберчилигине оң баа беришти. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума