10:49
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Депутаттар ТИМдин башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин колдошту

Жогорку Кеңеш бир добуштан ТИМдин башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин колдошту.
 
Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштаган болчу. Ал 2016-жылдан бери Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп эмгектенет.
 

Ал 1998-жылы Кыргызчтандын Эл аралык университетинде «эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бакалавр даражасын алган. 2001-жылы аталган окуу жайда «юриспруденция» адистиги боюнча магистратурада окуган. 2017-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинде аспирантураны бүтүргөн.

Мурунку министр Эрлан Абдылдаев кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.
 
Эң көп окулган жаңылыктар