06:32
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Президент кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштеп чыгууну тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кабыл алынган 2014-2020 жылга багытталган программанын убактысы аяктап бара жатканын белгиледи.

«Анализ көрсөткөндөй, аткарыла турган иштер дагы эле арбын. Министрликтер менен ведомстволор, мекемелер иш кагаздарынын 0.4 пайыздан 60 пайызга чейинин гана мамлекеттик тилде жүргүзүп жатышат. Иш кагаздардын дээрлик 60-90 пайызын расмий тилде даярдаган мамлекеттик мекеме-уюмдар бар. Алар тарабынан даярдалган документтер менен иш кагаздардын сапаты төмөн, сабаты начар. Бул жагдай — тилибизге болгон ишенимди төмөндөтүп, мамлекеттик башкаруу органдарынын беделине доо кетирүүдө», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыбайны эске алып жаӊы программаны түзүүнү сунуштады.

«Жаңы программа кагаз түрүндө эле калбашы үчүн — тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл. Бул багыттагы иштерди азыртадан баштоо керек. Өкмөткө ушул өтүнүч менен кайрылам. Жогорку Кеңештен Тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутумун терең талдап, тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөм», — деди президент.

Бүгүн мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл болду.

Эң көп окулган жаңылыктар