16:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүй облусунда 80 жаштагы аял изделүүдө

Чүй облусунда 80 жаштагы Вера Зайцева аттуу аял изделүүдө. Ал 10-августта Шопоков шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы ак, узун. Ошол күнү көйнөк, бутуна көк резина сланцы кийип жүргөн.

Милиция аялды көргөн билгендер болсо төмөнкү телефондорго байланышка чыгып коюуну суранат: 0312607567, 0313453380, 0558861486, 0709353529.

Эң көп окулган жаңылыктар