Бүгүн Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндөгү 7-Апрель менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн ортосундагы аралыкта магистралдык жылуулук түйүнүн калыбына келтирүү иштери башталат. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Улан» кичи районундагы № 3 турак үйдүн маңдайындагы бөлүк унаа кыймылы үчүн жабылат.
Иш 45 күнгө созулат.